Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору Айгүл Абдраева ОшМУда

Башкы Жаңылыктар

Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору Айгүл Абдраева ОшМУда

Image

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору Айгүл Абдраева ОшМУга келди. Иш сапардын алкагында окуу жайдын ректору Кудайберди Кожобеков, эл аралык байланыштар департаментинин директору Абдыганы Абдувалиев  менен жолукту.

 Жолугушууда эки окуу жайдын алдыдагы кызматташтыктары, “Ош декларациясын” жандандыруу боюнча пикир алышты. Андан сырткары буга чейинки эки тараптуу кызматташуу келишими жаңыланып, кол коюлду. Келишимге ылайык мындан ары эки университетте билим берүү, илим изилдөө, академиялык мобилдүүлүк, биргелешкен илимий диссертациялык кеңештерге катышуу, илимий конференцияларды уюштуруу, тажрыйба алмашуу багыттары ишке ашат.

Айгүл Абдраева ОшМУнун “Маркетинг, коммуникация, коомчулук менен байланыш борбору” маалымат бөлүмүндө болуп,  “Үмүт” телестудиясы жана “Нур” гезити, расмий сайты жана  санарип университет багытындагы аткарылып жаткан иштер менен таанышты.

 

Фото галерея