КМШ өлкөлөрүнөн келген студенттер үчүн маалымат жыйын өттү

Башкы Жаңылыктар

КМШ өлкөлөрүнөн келген студенттер үчүн маалымат жыйын өттү

Image

ОшМУнун медицина факультетинде чет өлкөлүк жарандар менен иштөө жана консулдук кызмат көрсөтүү бөлүмү “Виза, мыйзамсыз миграция, жүрүм-турум эрежелери, этикалык нормалар, диний экстремизмге каршы туруу” аттуу маалымат жыйын өткөрдү. Ага 200дөн ашуун чет өлкөлүк студент катышыты.

Маалымат берүүчөр виза алуу жараяны, шаарда жүргөндө коомдук тартипти сактоо, терс кылык-жоруктарга барбоо, Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган диний агымдарга азгырылбоо, тышкы миграция мыйзамдарына тиешелүү маселелер, укуктар жана милдеттер, диплому бар студенттердин окуудан тышкаркы убакта жумушка орношуусунун жол-жобосу тууралуу айтышты.

Алдыда ушул эле жыйын университеттин бардык факультет, колледждеринде график боюнча өткөрүлөт.

Фото галерея