СПИД менен күрөшүү күнүнө карата кароо-сынак

Башкы Жаңылыктар

СПИД менен күрөшүү күнүнө карата кароо-сынак

Image

1-декабрь -  Бүткүл дүйнөлүк СПИД менен күрөшүү күнүнө карата  ОшМУнун медициналык колледжинде маанайшат кароо-сынак өткөрүлдү. Аталган иш-чарага Ош облустук СПИДке каршы күрөшүү жана алдын алуу  борборунун даарылоо бөлүмүнүн башчысы Улукбек Моторов катышты.

Колледждеги 1-курстар арасында уюштурулган кароо-сынакта СПИД темасын камтыган сахналык көрүнүштөр, маалыматтык темалар орун алды.

Ош облустук СПИДке каршы күрөшүү жана алдын алуу  борборунун адистери бир жолку иштетилүүчү экспресс тесттер менен 20дан ашуун каалоочу окутуучулардан, студенттерден анализ алышты.

 Мындай ден соолук темасына арналган иш-чара коллдеждин Аялдар кеңешинин төрайымы Уулкыз Чотурова жана терапия предметтик циклдык комиссиясынын окутуучулары  тарабынан өткөрүлдү.  

 

Фото галерея