Окумуштуулук даражалар ыйгарылды

Башкы Жаңылыктар

Окумуштуулук даражалар ыйгарылды

Image

ОшМУда Окумуштуулар Кеңешинин кезектеги жыйыны өттү. Анда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук Аттестациялык Комиссиясынын президиумунун чечими менен ОшМУнун математика жана информациялык технологиялар факультетинин автоматташтырылган системалар жана санариптик технологиялар кафедрасынын доценти, физика-математика илимдеринин кандидаты Нургуль Беделовага "Математика" адистиги боюнча доцент окумуштуулук наамы ыйгарылды.
Юридика факультетинин  мамлекеттин жана укуктун теориясы кафедрасынын доценти, юридика илимдеринин кандидаты Зульфия Матисаковага “Укук таануу” адистиги боюнча доцент окумуштуулук наамы ыйгарылды.
Ал эми Индустриалдык-педагогикалык колледжинин социалдык иштер жана аскерге чейинки даярдык кафедрасынын окутуучусу  Саипжамал Камчыбековага социология илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасы тапшырылды.

Фото галерея