Биздин студенттер бир-эки жыл убакыттан утат

Башкы Жаңылыктар

Биздин студенттер бир-эки жыл убакыттан утат

Image

Ош мамлекеттик университетинин Кесиптик орто билим берүү боюнча проректору Эркебаев Тажимамат:

- Тажимамат агай, сөзүбүзду жакында окуу жайга берилген өзгөчө макам тууралуу баштасак, бул статуска ээ болуу менен ОшМУда эмне өзгөрдү?

- Өзүңөргө белгилүү, өлкөбүздө беш университеттин ичинде ОшМУга да өзгөчө статус берилди. Университет биринчиден академиялык өз алдынчалуулукка ээ болду. Адистерди даярдоодо министрликтен даярдалып берилген окуу пландары, предметтер боюнча типтүү программалары таңууланбай калды. Окуу жай адис даярдоодо кайсы предметти канча көлөмдө окутат, өз алдынча чечет. Аны университеттин Окуу усулдук бирикмеси аныктайт. Экинчиден, финансылык өз алдынчалуулукка ээ болду. Мурда ар бир статьядан канча сарптоо керектиги өкмөт тарабынан ченелип коюлган болсо, азыр бул дагы университеттин өзүнө берилди. Үчүнчүдөн административдик эркиндик. Бул эркиндиктер каалагандай калчай берсе болот дегендик эмес. Ар бир маселе атайын адистердин анализинин негизинде административдик жана Окумуштуулар кеңешинде талкууланып кабыл алынат. Мамлекет бизге эркиндиктерди берүү менен бирге чоң милдет - жоопкерчиликтерди жүктөдү. Атап айтканда, ОшМУну дүйнөлүк рейтингге чыгаруу биздин эң башкы максатыбыз жана милдетибиз болуп калды.

- Сиз тейлеген тармакта кандай жаңылыктар болуп атат?

- Кесиптик орто билим берүү тармагы ачыгын айтыш керек, ушул кезге чейин экинчи маселе катары каралып келген. Себеби, жогорку билимдүү адистерди даярдай турган окуу жай болгондуктан, колледждер факультеттердин курамында болуп, магистратура менен бакалаврга көбүрөөк көңүл бурулуп, ал эми орто билим берүү экинчи орунда калып турган. 2021-жылдан баштап орто кесиптик билим берүүнү толугу менен факультеттердин курамынан чыгарып, 6 өз алдынча колледж түзүлдү. Бүгүнкү күндө колледждерибизде он эки миңден ашык студенттер билим алып атышат.

- Мектепке караганда колледжде билим алуунун кандай артыкчылыктары бар?

- Бир топ артыкчылыгы бар. Бир четинен студент орто кесипке ээ болот, экинчиден өз алдынчалуулукка эртерээк калыптанат. Студент университетке келгенден баштап өз алдынча жашоону, чечим чыгарууну үйрөнөт. Мисалы, 11-классты бутүрүп келген окуучу менен биздин колледжди бүтүрүп келген студенттин жогорку окуу жайдагы окуусунда кескин айырмачылык байкалат. Себеби, колледжди бүтүрүп баргандар ошол адистик боюнча кеңири билимге, квалификацияга ээ болуп барышат. Бул артыкчылыкты ата-энелер, окуучулар да түшүнүп калышты, анткени күндөн күнгө колледжге тапшыргандардын саны көбөйүп баратат. Мисалы, үч жыл мурда төрт миңдей студент болсо, азыркы учурда 12 миңден ашты.

- Колледжди аяктагандан кийин өз кесиби боюнча иштеп кетсе болобу, же сөзсүз бакалаврда, магистратурада окушу керекпи?

- Бул албетте студенттин өз тандоосуна жараша болот. Кээ бир тармакта сөзсүз жогорку билимдүү болуу талабы бар. Ал жерде иштеш үчүн сөзсүз ЖОЖдо окууну улантышы керек болот. Бирок, ар бир мекеме - ишканада кесиптик орто билимдин диплому менен да иштеп кете турган кызматтар бир топ. Биздин бүтүрүүчүлөрдүн кырк пайызга жакыны жумуш менен камсыз болушат.

- Көбүнчө кайсы тармактарга барып иштеп жатышат?

- Бир кызыктуу жагдайды айта кетейин, биздин бүтүрүүчүлөргө көбүн эсе жеке менчик ишканалар кызыгып атышат. Мисалы, банктар өздөрү бизге келип студенттерибизди практикага чакырып, андан кийин мыктыларын жумушка алып калып атышат. Ал эми мамлекеттик ишканаларда мындай тенденция бир аз солгун жүргөндүгү байкалууда. Демек, жеке менчик ишканалар мамлекеттик мекемелерге караганда өзүнүн ишин алдыга жылдырууга көбүрөөк кызыкдар деп жыйынтык чыгарсак болот.

   

- Мамлекеттик ишканалардын кайсы тармактарына бүтүрүүчүлөр көбүрөөк барып иштеп атышат?

- Өлкө боюнча санирипке өтүү саясаты жүрүп атпайбы. Андыктан, айрыкча айыл өкмөттөр биздин бүтүрүүчүлөрдү талашып алып кетип атышат. Компьютердик программаларды түзүү, маалымат базасын чогултуу, айтор, бул багытта иштей билген адистерге мамлекеттик органдар да аябай муктаж болуп атышат.

- Колледждерде канча адистик боюнча кадрлдарды даярдап атасыздар?

- Бизде 36 багыттагы адистер даярдалат.  Булардын баары мезгил талап кылган адистиктер. Азыр элибиз деле түшүнүп калды, пайдасы жок адистиктерге тапшырбайт. Көбүнчө мектепке чейинки билим берүүчү,башталгыч класстардын мугалимдери, котормочу жана башталгыч класстарда англис тилин үйрөтүүчү адистиктерге талап күч болууда. Экинчи орунда медициналык колледжге кызыккандар көп.

   

- Алты колледжибиз бар дедиңиз, буларда кандай жаңылыктар болуп атат?

- Ар бир колледж мезгил талабына ылайык иш алып баруунун үстүндө талыкпай иштеп атышат. Индустриялык-педагогикалык колледжи Азия өнүктүрүү банкы тарабынан жарыяланган сынакка катышып, бир миллион долларлык грант утуп алды. Жакында ачылышын кылып ишти баштадык. Андан кийин медициналык колледжде да долбоорлор менен иштөө кызуу жүрүүдө. Өлкө боюнча 4 медициналык колледжде физикалык терапия деген адистик ачылып, даярдала баштады. Быйыл жаңы окуу жылынан тарта 9-класстык базасында ушул адистикке абитуриенттер кабыл алынып, Европалык окуу пландарынын негизинде окутула баштады. Бүтүрүүчүлөрүбүз Европада эмгектенүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Булар медициналык кызмат көрсөтүү менен бирге социалдык иштерди да жүргүзө алышат. Ошондой эле Оштогу жана Өзгөндөгү медициналык колледждерде евростандартта окутула турган эксперименталдык тайпалар ачылды. Кыргызстанда 27 мед.колледж бар. Булардын башын бириктирген ассоцацияга биздин Өзгөн мед.колледждин директору Өзгөнбай Тилебаевич төрагалык кылат. Бул албетте алдыңкы тажрыйбаларга. эл аралык долбоорлорго катышууга зор мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле Финансы-юридикалык колледжибиз да экономикалык адистерди даярдоо боюнча Түштүк Кыргызстандагы бардык окуу жайлардын башын бириктерген ассоцациянын мүчөсү болуп саналат. Бул уюмду да биздин Финансы-юридикалык колледждин директору Исаков Нургазы Жолболдуевич жетектейт. Эл аралык билим берүү программалар колледжи да Улуу Британияда билим берүү мекемелерин башын бириктирген уюм менен тыгыз иштешип атат. Башкача айтканда, бизде Англиянын программасын эксперимент катары киргизип атышат. Жакында эки окутуучу Улуу Британияга барып, тажрыйба алмашып келишти.

- Студенттерге сапаттуу билим берүү үчүн шарттар жетиштүү деңээлде түзүлгөнбү?

- Албетте биринчи кезекте мына ушул багытта иштеп атабыз. Биздин тармак жаңы ачылган үчүн айрым маселелер да жок эмес. Мисалы, СТЭМ инновациялык колледжине өзүнчө окуу корпусу керек болуп атат, бул боюнча курулуш иштери жакында башталганы турат.

- 12-кесиптик лицей жакында ОшМУга өттү эле, бул окуу жайда кандай жаңылыктар болуп атат?

- Бул жерде да өтө чоң иштер болуп атат. Буюрса, ал жерде стартап борбору түзүлүүдө. СТЭМ колледжине ошол жерге имарат куруп көчүрүп баруу иштери башталды. Университеттин интернет серверин да ошол жерге жайгаштырып, маалымат технологиясы боюнча алдыңкы борборго айлантуу иштери жүрүп атат.

 

- Окутуучулардын илимий-педагогикалык даражасы, деңгээли кандай абалда?

- Биздин колледждер Ош мамлекеттик университетинин базасында болгон үчүн эң мыкты деңгээлдеги илимий потенциалга ээ деп айтууга толук мүмкүнчүлүк бар. Орто эсеп менен алганда окутуучулук курамдын 10 пайызы илимий даражасы барлар. Колледждер үчүн илимий даражалуу окутуучулардын болушу шарт эмес. Ага карабай биздеги окутуучулар илимий иштер менен да кызуу алектенишет. Бул өз кезегинде студенттер арасында шыктанууну пайда кылат.

- Сөзүбүздүн   аягында  абитуриент-терге, ата-энелерге кайрылууга мүмкүнчүлүк берели, эмне үчүн колледжде, болгондо да ОшМУнун колледжинде билим алган пайдалуу?

- Сөзүмдүн башында да айттым элем, элибиз көп жагынан кыраакы болуп калды. Мезгил талап кылган адистиктерди тандоо, убакытты туура пайдалануу жагынан көпчүлүк жаштарыбыздын көзү ачылып калды. Ошон үчүн да биздин колледждерибизди тандагандардын саны улам көбөйүп жатат. Мисалы бизге тогузунчу классты бүтүрүп келсе, 10-11-класстын программасын биз бир жылда окутабыз. Экинчи жылда адистик боюнча билим алышат. Жогорку билим алат элем деген студенттер колледжди бүткөндөн кийин тандап алган адистиги боюнча жогорку окуу жайга автоматтык түрдө экинчи курстан окуусун уланта алышат. Эгерде сырттан окугусу келсе үчүнчү курстан отурат. Ошондо биздин колледждин бүтүрүүчүлөрү өзү теңдүүлөрдөн бир-эки жыл эрте аяктап, убакыттан утат.

- Жакшы турбайбы? Сиздердин бүтүрүүчүлөр ЖРТ тапшырбай эле бакалаврга кабыл алына береби?

- Эгерде өз адистиги боюнча факультетти тандаган болсо ЖРТ тапшырбайт, ал эми башка адистикти тандаган болсо, анда тапшырат.  Ошондуктан колледжге кирген мезгилде адистикти туура тандоо керек, ошол менен бакалавр, магистратураны улантып кете берсе болот.

- Жакшы мүмкүнчүлүктөр көп турбайбы. Бизге убакыт бөлгөнүңүз үчүн сизге рахмат айтабыз. Ийгиликтер арта берсин деп тилек кылалы.

- Силерге да рахмат.

Дидактика гезинен алынды.