Бишкекте ОшМУнун профессору Мамыралы Эшбаевдин сүрөт көргөзмөсү өттү

Башкы Жаңылыктар

Бишкекте ОшМУнун профессору Мамыралы Эшбаевдин сүрөт көргөзмөсү өттү

Image

4-июлда Бишкек шаарында Ош мамлекеттик университетинин профессору Мамыралы Эшбаевдин “Көз караш” деген аталыштагы жеке сүрөт көргөзмөсү өттү. Анда сүрөтчүнүн 65 жылдык мааракесине карата 120 эмгеги коюлду.

Иш-чара Гапар Айтиев атындагы кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде уюштурулуп, Билим берүү жана илим, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрликтеринин өкүлдөрү, жогорку окуу жайлардын жетекчилери жана белгүү сүрөтчүлөр катышты. ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков баштаган окуу жайдын искусство факультетинин жамааты да күбө болду.

65 жаштагы Мамыралы Эшбаев ОшМУнун  искусство факультетинин профессору, СССРдин жана Кыргызстандын сүрөтчүлөр бирикмесинин мүчөсү. Ошондой эле маданияттын жана билим берүүнүн мыктысы. Көптөгөн абройлуу көргөзмөлөрдүн дипломанты жана байге ээси болгон. 2014-жылы Бишкекте 55 жылдыгына арналган жеке көргөзмөсүн өткөргөн.

Эшбаев Борбор Азияда алгачкылардан болуп Кыргызстандын эл сүрөтчүсү, ОшМУнун профессору Мырза Оморкуловдун студенттик эмгектеринен окуу-методикалык музей түзгөн.

Анын эмгектери Ош облустук көркөм сүрөт музейинде жана Улуттук музейде сакталган. Мындан тышкары Кыргызстан, Орусия, Түркия, Индия, Австралия, Казакстан жана Өзбекстандагы жеке коллекцияларда бар.

Фото галерея