ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРГА КАБЫЛ АЛУУ 15-ИЮЛДА БАШТАЛАТ

Башкы Жаңылыктар

ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРГА КАБЫЛ АЛУУ 15-ИЮЛДА БАШТАЛАТ

Image

Билим берүү жана илим министрлиги 2024-2025-окуу жылына Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча жогорку окуу жайларга абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу 15-июлда баштала тургандыгын билдирет.

Жогорку окуу жайларга кабыл алуу беш тур менен жүргүзүлөт.
ЖРТ электрондук талону менен өтүнмө берүү :

I тур – 15-июль  17-июль саат 14:00гө чейин;
II тур – 22-июль 24-июль саат 14:00гө чейин;
III тур – 29-июль  31-июль саат 14:00гө чейин;
IV тур – 5-август 7-август саат 14:00гө чейин;
V тур – 12-август 14-август саат 14:00гө чейин.

Сынакка катышуу үчүн абитуриенттер өтүнмөлөрдү жана документтерди “Абитуриент онлайн” электрондук автоматташтырылган маалыматтык системасы https://2020.edu.gov.kg/vuz аркылуу тапшырат.

Фото галерея