Окуу-усулдук жана тарбия багытындагы иш-чаралар өтүп жатат

Башкы Жаңылыктар

Окуу-усулдук жана тарбия багытындагы иш-чаралар өтүп жатат

Image

Эл аралык билим берүү программалары колледжинин кыргыз тили жана адабияты, манас таануу предметтик циклы декабрь айына окуу-усулдук жана тарбия иштерин баштады. Декабрь айынын башында Улуттук адабият күнү, “Манас” эпосунун күнү белгиленди. Иш-чара Индустриалдык-педагогикалык колледжинин окутуучу Канымбү Коңурбай кызы жана эл аралык билим берүү программалары колледжинин окутуучу Б.Алпаизова тарабынан өткөрүлдү.

 “Сентябрь, октябрь айлары тандоо өнөктүгү жана саат эсептерин өткөрүү сыяктуу маселелер менен көбүрөк алектенип калдык. Ал эми биз билимибизди да өркүндөтүп, андан сырткары студенттерге тарбиялык иш-чараларды өткөрүшүбүз керек. Бул маселеде ноябрь айында окутуучуларыбыз билимин өркөндөтүү курстарынан өтүштү жана декабрь айында “Үйрөтүүнү үйрөнүү” деген ураандын алдында усулдук семинарлардын түрмөгүн өткөрүүнү баштадык. Тарбиялык иштер багытындагы иштерибизди да жандандырып, студенттерибиздин руханий жактан өсүүсүн да көтөрмөлөйлү деген ойдобуз”, -деди КТАМТ предметтик циклдык комиссиянын төрайымы, доцент Б.Байтикова.  

ЭАББП колледжинин кыргыз тили жана адабияты, манас таануу предметтик циклы ОшМУнун колледждерине кыргыз тили жана адабияты, манас таануу предметтерин окутат.

Фото галерея