“Данакер” орденинин ээси Анна Селиверстованын 90 жылдыгына арналган конференция өттү

Башкы Жаңылыктар

“Данакер” орденинин ээси Анна Селиверстованын 90 жылдыгына арналган конференция өттү

Image

Орус филологиясы факультетинде белгилүү усулчу,  Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер, “Данакер” орденинин ээси Анна Селиверстованын 90 жылдыгына арналган  “Билим берүү мейкиндигиндеги инновация: филологиялык аспект” деген аталыштагы илимий-практикалык конференция өттү.

Конференцияда ОшМУнун дистанциондук билим берүү технологиялар менен иштөө боюнча проректору Таасилкан Жумабаева Анна Селиверстованын түштүк аймагында усулдук илимдин өнүгүшүндө орду чоң экендигин белгилеп, усулдук илимди өнүктүрүүдө жана инновациялык технологияларды киргизүү менен расмий тилди үйрөнүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

 ОшМУнун критикалык ой жүгүртүү лабораториясынын башчысы Нина Ешенова «Мугалимдердин мугалими, усулчу, инсан» деген баяндамасы менен Анна Селиверстованын образын ачып, анын илимий-педагогикалык ишмердүүлүгүнө баа берди.

 Конференциянын иши төрт тематикалык секцияда уланып, анда 40ка жакын баяндамалар угулуп, талкууланды.

Мыкты баяндамалар республикалык «Орус тили жана адабияты Кыргызстандын мектептеринде» журналына жарыяланат.

Фото галерея