ОшМУда Казакстандагы Евразия улуттук университетинин филиалы ачылды

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда Казакстандагы Евразия улуттук университетинин филиалы ачылды

Image

ОшМУда Л.Н.Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинин  филиалы - казак тили жана маданияты борбору ачылды. Аземге  Казакстандан Евразия улуттук университетинин илим, коммерциялаштыруу жана интернационалдаштыруу боюнча проректору Жанна Курмангалиева, филология факультетинин деканы Ардак Бейсенбай,  Казакстандын Оштогу консулу Мухтар Карибай, ОшМУнун  ректору Кудайберди Кожобеков баштаган профессордук-окутуучулук курам, студенттер катышты.

Учурда ОшМУдагы Евразия улуттук университетинин  филиалы- казак тили жана маданияты борборунда 30 студент билим алууда. Филиалда адистерди даярдоо жогорку кесиптик билим берүүнүн эки багыты котормо жана орус тили жана адабияты багытында жүргүзүлүүдө.  Келечекте табият таануу, физика жана IT багыттары боюнча билим берүү программаларынын санын көбөйтүү каралган. Студенттер алгачкы эки жылы Ош шаарында, кийинки эки жылы Казакстанда билим алышат.

“Филиалдын ачылышы жогорку окуу жайлар ортосундагы кызматташтыкты гана чыңдабастан өлкөлөр ортосундагы достуктун, кызматташтыктын бекемделишине,  билим берүү жана илим тармагында кызматташууну арттырууга чоң өбөлгө түзөт. ОшМУ өзгөчө статус алган  Кыргызстандагы 5 жогорку окуу жайдын катарына кирген. Учурда беш жыл аралыганда дүйнөлүк рейтингге кирүү аракеттери көрүлүп жатат.  Л.Н.Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинин  филиалы да бул иш-аракеттерибиздин бир багыты десек болот. Жакынкы аралыкта аталган Евразия улуттук университетинде ОшМУнун да филиалы ачылат”, -деди ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков.

ОшМУдагы Евразия улуттук университетинин  филиалы - казак тили жана маданияты борборун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин кыргыз адабияты кафедрасынын башчысы Абдымиталип  Мурзакметов жетектейт. 

Филиалдын ачылыш аземинен кийин Казакстандын Оштогу консулу Мухтар Карибайдын азыркы кыргыз поэзиясынын казак тилиндеги “Мекеним” аталышындагы антологиясы  презентацияланды.

Л.Н.Гумилев атындагы Евразия улуттук университети QS World University Ranking рейтингинде дүйнөнүн эң мыкты 300 жогорку окуу жайынын катарына кирген окуу жай. Ошондой эле “Изилдөө университети” деген макамы бар.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Фото галерея