EduTech KG 2020 улуттук семинарында ОшМУнун кызматкерлери баяндама жасайт

Башкы Жаңылыктар

EduTech KG 2020 улуттук семинарында ОшМУнун кызматкерлери баяндама жасайт

Image

И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин базасында EduTech KG 2020 заманбап билим берүү технологиялары  боюнча  улуттук семинар өтүп жатат.

Семинар мугалимдердин заманбап билим берүү технологияларын жүзөгө ашырууда кесиптик компетенттүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларын санариптештирүүдө тажрыйба алмашуу максатында уюштурулган.

Аталган семинарга Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов, Улуттук Erasmus+  кеңсесинин Кыргызстандагы  жетекчиси Гульнара Исаева, ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков, жогорку окуу жайлардын ректорлору, эл аралык эксперттер, окумуштуулар  катышууда.

         

Иш-чаранын алкагында «Жогорку билим берүү системасындагы санариптешүү», «Жашыл экономика», «Жаңы билим берүү технологиялары. Мыкты тажрыйба», «Кыргызстанда STEАM билим берүүсүн өнүктүрүү» багыттары боюнча 4 секция иш алып барат.

Күндүн экинчи бөлүгүндөгү «Жаңы билим берүү технологиялары. Мыкты тажрыйба» аттуу секциялык иштерде ОшМУнун доценти, эксперттердин улуттук командасынын эксперттери  Сабыркуль Калыгулова, Эл аралык медицина факультетинин деканы Роман Калматов модератордук кылат. Ал эми ОшМУнун профессору ф.-м.и.д., Анара Сайипбекова "Билим берүүдөгү жасалма интеллект: ХХI-кылымда технологиялардын  ролдорунун өзгөрүүсү", ОшМУнун ага окутуучусу Айтибек Абдирасулов “ОшМУ окутуу процессине маалыматтык технологияларды киргизүү өзгөчөлүктөрү” деген темаларда баяндама жасайт.

       

Аталган иш-чара Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргызстандагы Улуттук  Erasmus+ кеңсеси, КРнын жогорку билим берүүсүн реформалоо боюнча эксперттердин  улуттук  командасы, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети тарабынан гибриддик формада өткөрүлүүдө.