Воронеж мамлекеттик медициналык университети менен кызматташуу чыңдалууда  

Башкы Жаңылыктар

Воронеж мамлекеттик медициналык университети менен кызматташуу чыңдалууда  

Image

ОшМУнун эл аралык медицина факультетинин окутуучулары Лазокатхан Джумаева, Назгул Ташматова жана Уулкан Манас кызы  Н.Н Бурденко атындагы Воронеж мамлекеттик медициналык университетине кызматташуу келишиминин алкагында барып келишти. Мында алар  “Илимий долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында үлгүлөрдү даярдоо, гистологиялык техника жана микропрепараттардын анализи” аттуу илимий-практикалык тажрыйба алмашуудан өтүштү.

      
Илимий-практикалык стажировкада гистохимиялык, иммуногистохимиялык ыкмалар менен кесүү жана боёодон микроскопия стадиясына чейин гистологиялык микропрепараттарды даярдоо боюнча теориялык билимдерге ээ болушту. Ошондой эле Маста клеткасынын секретомуна жана тутумдаштыргыч ткандын абалын баалоону заманбап ыкма менен текшерүү боюнча тажрыйбаларды өздөштүрүштү.

    
Коноктор  университеттин  ректору Игорь Эсауленко, эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы М. Кузнецова менен жолугуп, тараптардын мындан аркы кызматташуусун талкуулашты. Ошондой эле Н.Н Бурденко атындагы Воронеж мамлекеттик медициналык университетинин кызматкерлери да ОшМУга келип тажрыйба алмашуусу пландаштырылды.

   
Воронеж мамлекеттик медициналык университетинин ректору Игорь Эсауленко өз кезегинде ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобековго жемиштүү кызматташуусу үчүн ыраазылыгын билдирди.