Дене тарбия факультетин эми ким жетектейт?

Башкы Жаңылыктар

Дене тарбия факультетин эми ким жетектейт?

Image

.

“Ош мамлекеттик университетинде факультеттин деканын шайлоо” жобосуна ылайык 7-декабрда Дене тарбия факультетинин декандык кызмат ордуна шайлоо өттү.


Шайлоонун жыйынтыгында көпчүлүктүн добушу менен доцент Ырысмамат Райимбердиев  Дене тарбия факультетинин деканы болуп 5 жылдык мөөнөткө  шайланды. Конкурстук шайлоодогу жашыруун добуш берүүдө  Ырысмамат Райимбердиев  69 добуштан 52 добушка ээ болгон.  
Ош мамлекеттик университетинин ректорунун 2022-жылдын 30-июнунда буйругуна ылайык өз алдынча  «Дене тарбия» факультети болуп түзүлүп, Ырысмамат Райимбердиев  декандын милдетин аткаруучу кызматын аркалап келген. Ошондой эле, дене тарбиянын физиологиясы, теориясы жана методикасы кафедрасынын башчысы кызматтарында да эмгектенген.