ОшМУ бөбөктөргө майрамдык маанай тартуулады

Башкы Жаңылыктар

ОшМУ бөбөктөргө майрамдык маанай тартуулады

Image

 ОшМУнун ректораты, кесиптик бирлиги менен биргеликте бөбөктөргө арналган жаңы жылдык балаты майрамын өткөрдү. Жаңы жылдык балатыга университетте эмгектенген окутуучулардын, кызматкерлердин 12 жашка чейинки 500гө жакын балдары катышты.

        

Майрамдык кечени ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков, окуу жайдын кесиптик бирлигинин төрагасы Абсамат Саттаров, студенттик коомчулук менен иштөө боюнча проректору Жылдыз Артыкова бөбөктөрдү жетелеп, келип, ыр бийлер менен ачып беришти. Ректор балдарга арналган жаңы жылдык куттуктоо сөзүн жолдоп, балдарга чын ден соолук, жаркын келечек каалады.

         

 Кечени жомок  каармандары, окуу жайдын “Зирек” башталгыч билим берүү борборунун таланттуу окуучуларынын, Искусство факультетинин таланттарынын ыр-бийлери шаңга бөлөдү. ОшМУнун бириккен кесиптик бирлиги трабынан ар бир балага шириндиктер, өзгөчө белектер тартууланды.

         

Бөбөктөргө арналган майрамдык кече окуу жайда салтка айланып жыл сайын уюштурулуп келет.