Чет өлкөлүк окутуучулар  менен  ОшМУнун QS рейтингине кирүүдөгү ролу талкууланды

Башкы Жаңылыктар

Чет өлкөлүк окутуучулар  менен  ОшМУнун QS рейтингине кирүүдөгү ролу талкууланды

Image

 Бүгүн, 25-январда ректор Кудайберди Кожобеков университетте иштеп жаткан чет өлкөлүк окутуучулар, ыктыярчылар менен жолугуп, баарлашты. Мында алардын миграциялык, укуктук, документациялык, турак-жай жана башка маселелер боюнча көйгөйлөрүн угуп, чечүүгө көмөктөшөрүн айтты.

 
Ошондой эле, чет өлкөлүк окутуучулардын, ыктыярчылардын ОшМУнун QS рейтингине кирүүдөгү  алардын ролу талкууланды. Буга байланыштуу окуу жайдын  улуттук жана эл аралык рейтинг бөлүмүнүн башчысы  Максат Тотобаев университеттин QS рейтингине киришине чет өлкөлүк окутуучулардын таасири боюнча маалымат берди. Катышуучулар окуу жайды алдыда дагы өнүктүрүү боюнча сунуш пикирлерин айтышты.  

  
Иш-чарага АКШ, Кытай, Корея, Япония, Пакистан, Индия жана Түркия сыяктуу 10го жакын өлкөнүн жарандары катышты. Жолгушууну университеттин чет өлкөлүк жарандар менен иштөө жана консулдук кызмат көрсөтүү бөлүмү уюштурду.

Фото галерея