Студенттер таймашты

Башкы Жаңылыктар

Студенттер таймашты

Image

Окуу жайда " Тил-достуктун тиреги" аттуу студенттер арасында интеллектуалдык таймаш  болду. Сынакка ОшМУнун мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору, доцент Мастура Шарипова катышты. 
Сынактын жүрүшүндө университет тарабынан Л.Н. Гумилев атындагы Евразия Улуттук университетинин  ОшМУдагы  филиалынын директору Айнур Рахимберди кызына ыраазычылык билдирип жана акчалай сыйлык тапшырылды. 
Интеллектуалдык  таймашта  алты кыргыз, казак, орус, испан, ангилис, немец  тилдеги команда катышты. Алар саламдашуу андан соң көркөм окуу, команда башчылар арасында  суроо-жооп соңунда уюштуруучулар тарабынан тапшырма берилди. 
Сынактын жыйынтыгында,  1-орунду Кыргыз тили - МУРАС командасы,  2-орунду Орус тили - ЗНАТОКИ командасы, 3-орунду Англис тили - THE WORLD VIADUCT командасы ээледи. Жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды, ал эми мыкты катышкан командаларга “Эң мыкты гезит” “Эң мыкты форма”  “Поэзия ааламында”  “Креативдүү команда” номинациялары да ыйгарылды.

Фото галерея