ОшМУнун окутуучусу ITB-2023 эл аралык туристтик жарманкеге катышып жатат

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун окутуучусу ITB-2023 эл аралык туристтик жарманкеге катышып жатат

Image

Германиянын борбор калаасы Берлинде Кыргызстандын туристтик компаниялары ITB-2023 эл аралык туристтик жарманкеге катышып жатат. Аталган көргөзмөгө Туризм департаментинин жетекчилигинде  ОшМУнун Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин PhD доктору Айнура Кулназарова да катышууда.

Иш-чаранын алкагында кыргыз делегациясынын мүчөлөрүнүн, Кыргызстандын Германиядагы элчилигинин жана ар кайсы өлкөлөрдүн туристтик компанияларынын катышуусунда B2B бизнес эртең мененки тамак жана B2B бизнес кечки тамак уюштурулду.

Кыргызстандын туристтик компаниялары, ассоциациялары жана дестинациялары өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кеңири маалымат беришти. B2B форматындагы жолугушуунун катышуучулары пикир алмашып, туризм тармагындагы кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкулашууда.

“Бул иш чарага катышуу менен жогорку окуу жайлар эл аралык деңгээлде башка өлкөлөр туристтик кызматтарын кантип таанытып жатат, кандай кызматтар бар экендигин көрүп, башка мамлекеттердин ЖОЖдору менен кызматташтыкты кеңейтүү максатын ишке ашырып жатабыз. Келечекте туризм багытында билим алып жаткан студенттерди ортомчу компанияларсыз түз жумушка жайгаштыруу маселелеринде да пикир алышуулар күтүлүүдө”,-деди ОшМУнун  PhD доктору Айнура Кулназарова.

Эл аралык жарманкеге Туризм департаменти жетектеген КАТО, КАТОС КР туризм секторунун делегациясы жана эл аралык өнөктөштөр GIZ, Хельветас-Кыргызстан, «Кыргыз Республикасындагы Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун»  колдоосу менен туризм секторунун 21ден ашык өкүлдөрү,  Кыргызстандын Германиядагы элчилиги да катышууда.

 

Фото галерея