Кылмыштуулук, экстремизм, терроризм боюнча маалыматтык жыйын өттү

Башкы Жаңылыктар

Кылмыштуулук, экстремизм, терроризм боюнча маалыматтык жыйын өттү

Image

Университетте 9-10-март күндөрү Ош шаарынын аймагында экстремисттик, террористик көрүнүштөргө бөгөт коюу, каршы туруу, улуттар жана  диндер аралык араздашуулардын алдын алуу максатында  студенттерге түшүндүрүү иш-чарасы болду.
Жыйында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймактык бөлүмүнүн, КР УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча Башкы башкармалыгынын, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жана ОшМУнун коопсуздук кызматынын кызматкерлери тарабынан диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат тууралуу баяндамалар жасалып, мамлекеттик башкаруунун светтик принциби, дин тутуу эркиндиги: укуктар жана милдеттер, мамлекеттик-конфессионалдык кызматташууну өнүктүрүү, диний негиздеги чыр-чатактарды болтурбоо, диний жана дин таануучулук билим берүү системасын өркүндөтүү, жаштардын диний жактан радикалдашуусунун себептери, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган экстремисттик-террористтик уюмдар, алардын жаштарды азгыруу методдору, тыюу салынган адабияттар, улуттар жана диндер аралык кастыкты козуткан кылмыштар жана терс көрүнүштөрдүн алдын алуу жана жаштардын кылмыштуу аракеттерге аралашуусуна жол бербөө тууралуу кеңири маалыматтар берилди. Мындай иш-чаралар КР ДИМК менен Оштогу ЖОЖдордун биргелешкен планынын негизинде бардык факультеттерде жана колледждерде өткөрүлөт.

Фото галерея