ОшМУнун жаш илимпоздору эл аралык конференцияга катышты

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун жаш илимпоздору эл аралык конференцияга катышты

Image

Өзбекстандын борбор калаасы Ташкент шаарында "Жылдын эң мыкты илимий макаласы - 2023" аттуу КМШ өлкөлөрүнүн жаш илимпоздору арасында эл аралык конференция болуп өттү.  Аталган конференцияга Тарых жана социалдык иштер факультетинин 2-курсунун магистри Азирет Заидов, Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин 3-курсунун студенти Исхак Эгемназаров,  Математика жана информациялык техналогиялар  факультетинин 2-курсунун студенти Мухаммадкодир Адиловдор катышып келди.

Конференцияга катышкан жаш окумуштуулар баяндамаларын окуп, төш белги, диплом, сертификаттар менен сыйланышты жана илимий макалалары атайын журналга жарыяланды.

Иш-чара   "National Publication" илимий басылмасы, Ташкент облусунун жаштар кеңеши, Өзбекстандын руханий жана агартуучулук борбору, Өзбекстан Республикасынын элге билим берүү министрлиги тарабынан уюштурулган.

Фото галерея