Кичи футбол боюнча ОшМУнун ректорунун кубогу жыйынтыкталды

Башкы Жаңылыктар

Кичи футбол боюнча ОшМУнун ректорунун кубогу жыйынтыкталды

Image

9-10-март күндөрү кичи футбол боюнча өткөн ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобековдун кубогу жыйынтыкталды. “Сергек жашоо жана ден соолук жылына”  карата өткөрүлгөн кичи футболдун Жогорку лигасында ОшМУдан жана Ош шаарында жайгашкан ЖОЖдордон 7 курама команда катышты.  Биринчи лигада окуу жайдын структураларында эмгектенген кызматкерлерден түзүлгөн 8 команда ойноду.

Жыйынтыгында Жогорку лигада 1-орунду ОшМУнун дене тарбия факультетинин командасы, 2-орунду ОшТУнун командасы, 3-орунду ОшМУнун бизнес жана менеджмент факультетинин командасы ээледи.

Биринчи лигада 1-орунду окуу жайдын Искусство факультети, 2-орунду ОшМУнун администрациясы, 3-орунду Медицина факультетинин командалары ээледи.

Мелдештин жыйынтыгында жеңүүчүлөр диплом, кубок  жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Ошондой  эле “Мыкты коргоочу", “Мыкты чабуулчу”, “Мыкты оюнчу” жана “Мыкты дарбазачы”, “Ардагер оюнчу” номинацияларынын ээлери аныкталып, сыйлыктар тапшырылды.

Спорттук иш-чара окутуучулар арасында достук мамилени чыңдоо, ынтымакты арттыруу жана спорттун кичи футбол түрүн өнүктүрүү жана жайылтуу максатында уюштурулду.

Фото галерея