Стартаперлер үчүн Youth Cup иш-чарасы өттү

Башкы Жаңылыктар

Стартаперлер үчүн Youth Cup иш-чарасы өттү

Image

Окуу жайда Accelerate Prosperity  уюму тарабынан  демилгеленген,   АГАХАН  фонду жана USAID уюмунун колдоосу менен ишке ашкан Youth Cup пре-инкубациясынын ачылышы болду. Ачылышка ОшМУнун ректору баштаган ректордук жамаат, Accelerate Prosperity уюмунун жетекчилери, белгилүү ишкерлер  жана Жалал –Абад ,Баткен , Ош шаарынан бизнес идеялары бар студент-жаштар катышты.

Иш – чаранын жүрүшүндө ,товардык белгилерди жана патенттерди каттоо маселелери, бизнестеги каталар боюнча катышуучуларга аталган уюмдун жетекчилери , ишкерлер маалымат беришти.  ОшМУнун жаштар бизнес паркы да бул программага өнөктөш катары катышты .

Youth Cup пре-инкубациясы программасына  катышуу үчүн мыкты идея жана күчтүү команда керек болот. Программанын алкагында ар бир долбоорго 10000$дан грант алуу мүмкүнчүлүгү каралган. Accelerate Prosperity  программасы  Кыргызстанда 2018-жылдан тарта иштеп келет. Жыл сайын стартаптары бар жаштар үчүн 5тен 10го чейин  инкубация программалары өткөрүлөт.

Youth Cup пре-инкубациясынын Ош шаарында ачылып , окуу жайлар менен кызматташуусун негизги максаты –идеяга бай жаштарды каражат ,бизнес жаатында тиешелүү билим менен камсыз кылуу жана ойлоп табуучуларды колдоо болуп саналат.

Фото галерея