ОшМУда “Чет өлкөлүк студенттердин альянсы” түзүлөт

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда “Чет өлкөлүк студенттердин альянсы” түзүлөт

Image

Чет өлкөлүк жарандар менен иштөө жана консулдук кызмат көрсөтүү бөлүмү “Чет өлкөлүк лидер студенттердин ректор менен чай үстүндө жолугушуусу” иш-чарасын уюштурду. Ага факультеттерден жана колледждерден тандалып алынган 27 студент жана ректораттын өкүлдөрү катышып, аларга “Конок сервис” кейтеринг компаниясы өз кызматын тартуулады.

Жыйын чет өлкөлүк студенттерди жетекчилик менен жакындан тааныштыруу, алардын окуудагы жетишкендиктери же көйгөйлөрү жөнүндөгү маалыматтарын угуу, жаштар комитетине аналогия катары “Чет өлкөлүк студенттердин альянсын” түзүү максатында уюштурулду.

Окуу жай жетекчиси чет өлкөлүк студенттердин бирикмесин түзүү идеясын колдорун билдирди. Окуу бөлүмүнүн башчысы Ибрагим Атабаев чет өлкөлүк студенттер менен өтүп жаткан иш-чаралар окуу жайдын эл аралык рейтингине таасир этерин белгилеп, мындай жолугушууларды бат-бат өткөрүп турууну сунуштады. Ал эми студенттер чет өлкөлүк студенттердин альянсын түзүү иш-аракеттери бөтөн элден, бөтөн жерден келип окуп жаткан студенттерди достоштурууга, улаттар биримдигин чыңдоого, тажрыйба алмашууга, интеграциялашууга, эл аралык мамилелерди өнүктүрүүгө, башка өлкөлөрдүн руханий жана маданий баалуулуктары менен таанышууга жол ача тургандыгын, бирикмени түзүү сунушун жактырышкандыгын жана ага мүчө болууга даяр экендиктерин айтышты.

Жолугушуунун соңунда бөлүм башчы Семетей Амиралиевге “Чет өлкөлүк студенттердин альянсын” түзүү жөнүндөгү жобону  сунуш-пикирлерди эске алуу менен кайрадан карап чыгып, жетекчилик менен макулдашуу тапшырмасы берилди.

Фото галерея