Жогорку Кеңештин депутаты ОшМУда лекция окуду

Башкы Жаңылыктар

Жогорку Кеңештин депутаты ОшМУда лекция окуду

Image

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  7-чакырылышынын депутаты, ОшМУнун сыймыктуу бүтүрүүчүсү Алишер Козуев ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков менен жолугуп, пикир алышты. 
Жолугушуудан соң Эл аралык мамилелер факультетинин чыгыш таануу жана лингвистика адистиктеринин студенттерине, магистранттарына жана чыгыш таануу кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамына конок лекция окуду. Анда өзүнүн балалык чагы, ишмердүүлүгү, учурдагы мыйзам долбоорлор, чек ара маселелери боюнча айтып, катышуучуларды кызыктырган суроолорго  жооп берди.
Конок лекция Эл аралык мамилелер факультетинин чыгыш таануу кафедрасы тарабынан уюштурулду.

Фото галерея