Эң мыкты 20 студент стипендия алат

Башкы Жаңылыктар

Эң мыкты 20 студент стипендия алат

Image

ОшМУда “Топ 20 студент” сынагынын жобосу бекитилди. Сынак академиялык жетишүүсүндө өзүнүн активдүүлүгүн көрсөткөн окуу жайдагы студенттерге моралдык жана материалдык дем берүү максатын көздөйт. Аталган сынакка ОшМУнун күндүзгү окуу бөлүмүндө окуган (жарандыгына, улутуна карабастан)  жалпы студенттер катыша алат.

Студенттердин окууга, илимге болгон кызыгуусун арттыруу, илимий иш чараларга катышуу, кесипкөй адистерди даярдоо максатын көздөгөн сынактын жеңүүчүлөрүн аныктоо автоматтык түрдө АВН маалыматтык системасы аркылуу жүргүзүлөт. Жеңүүчүлөрдүн тизмесин сайт өзү аныктайт.

Учурдагы жазгы семестрдин жыйынтыгы менен аныкталган ОшМУнун топ 20 студенти жаны окуу жылынан айына 1000 сомдон, 10 ай стипендия алышат.

Аталган жобо ОшМУнун студенттик коомчулук менен иштөө бөлүмү тарабынан сунушталып бекитилди.  (Сынактын жобосу тиркелет).

Стипедиа алуунун жобосу