20 жаран  бизнес баштоо боюнча окутуудан өтүштү

Башкы Жаңылыктар

20 жаран  бизнес баштоо боюнча окутуудан өтүштү

Image

Бизнес жана менеджмент факультети , GIZ уюму , Ош шаардык социалдык камсыздоо бөлүмү жана Дефцит компаниясынын ортосундагы долбоордун алкагында Ош облусунда жашаган социалдык жактан аз камсыз болгон  20 жаран   бизнес баштоо жана ишкердүүлүктү өнүктүрүү боюнча окутуудан өтүп, сертификат алышты.
Окутуунун жыйынтыгында 30-март күнү  бизнес жана менеджмент факультетинде иш-чара өттү. Анда 16 катышуучу бизнес долбоорун презентациялады. Мыкты деп табылган 10 долбоордун ар бирине Ош шаардык социалдык камсыздоо бөлүмү 100 миң сомдон акча каражатын бөлүп берет.  
Ошондой эле иш-чарага келген банк өкүлдөрү көмөк көрсөтөөрү айтылды. Тренингди бизнес жана менеджмент факультети уюштуруп, факультеттин окутуучулары сабактарды өтүштү.

Фото галерея