“Ак-Буура” эс алуу жана реабилитациялоо борборунун курулушу башталды

Башкы Жаңылыктар

“Ак-Буура” эс алуу жана реабилитациялоо борборунун курулушу башталды

Image

ОшМУнун “Ак-Буура” эс алуу жана реабилитациялоо борборунун курулушунун пайдубалына капсула салынды. Капсула салуу аземине окуу жайдын ректору Кудайберди Кожобеков баштаган профессордук-окутуучулук курам катышты.

Борбор 2 кабаттан турат,  1-кабатында дарылоочу, ден соолукту калыбына келтирүүчү кааналар, эс алуучу бөлмөлөр, 2-кабатында жайкы, кышкы лагерлерге ылайыкташкан заманбап  конференц залдар болот. Борбордун сыртында бассейн, кичи футбол аянтчалары, балдар ойноочу аянтча, заманбап ашкана курулат. Имараттын курулушу 3 айда аяктайт .  Пайдаланууга берилсе аталган аймакта эс алуу менен биргеликте конференция, семинарларды, жыйындарды өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Буга чейин аталган аймакта окуу жайдын “Үмүт” эс алуу жайы жайгашкан эле.

Фото галерея