"ОшМУ-Алдиер" футбол клубу чемпионаттагы биринчи оюнун өткөрдү

Башкы Жаңылыктар

"ОшМУ-Алдиер" футбол клубу чемпионаттагы биринчи оюнун өткөрдү

Image

2- апрелде Кыргыз премьер-лигасында ОшМУнун "ОшМУ-Алдиер" клубу өлкөнүн вице чемпиону Оштун "Алай" командасына каршы оюн өткөрдү. Алгачкы 45 мүнөттүктө эсеп ачылбай, командалар 0:0 эсебинде тыныгууга тарады. Ал эми экинчи таймдын 83-мүнөтүндө "Алай" каршы чабуулдан гол киргизип, 1:0 эсебинде жеңишти илип кетти. 
"ОшМУ-Алдиер" командасы экинчи оюнун 8-апрелде конокто "Абдыш-Ата", үчүнчү оюнун 11-апрелде Кара-Балта менен өткөрөт.  
Буга чейин “ОшМУ-Алдиердун” футболчулары жолдоштук беттеште Кочкор-Атанын "Нефтчи" командасын 3:2 эсебинде, Жалал-Абаддын “”Мурас-Юнайтед” командасын 3:1 эсебинде жеңген.

Фото галерея