Урал мамлекеттик экономикалык университети ОшМУга  кызматташууну  сунуштады

Башкы Жаңылыктар

Урал мамлекеттик экономикалык университети ОшМУга  кызматташууну  сунуштады

Image

Урал мамлекеттик экономикалык университети ОшМУ менен юриспруденция, экономика, информатика, технологиялар, туризм   багыттары боюнча кызматташууга кызыктар. Маалымат бүгүн, 4-апрелде Урал мамлекеттик экономикалык университетинин паралелдүү жана кошумча билим берүү программасынын директору Екатерина Шарова баштаган делегациянын  ректор Кудайберди Кожобеков менен жолугушуусунда айтылды. 
Тараптар, билим берүү программаларын биргеликте ишке ашыруу, студенттерге, магистрлерге кыскартылган программа менен окуп, тиешелүү билимдерге ээ болуу, окутуучулардын квалификациянын жогорулатуу курстарынан өтүү багыттары боюнча талкуулашты.
Делегация 6-апрелге чейин ОшМУнун факультеттеринде болуп, студенттер, магистрлер менен жолугат. Ошондой эле, конок лекцияларды дагы өтүшөт. Ал эми жакынкы күндөрү Урал мамлекеттик экономикалык университетинин ректору Силин Яковдун ОшМУга келиши күтүлүүдө.

Фото галерея