Кесиптик-профилдик практиканы мыкты өтөгөн 20 студент сыйланды

Башкы Жаңылыктар

Кесиптик-профилдик практиканы мыкты өтөгөн 20 студент сыйланды

Image

ОшМУнун педагогикалык практика бөлүмү уюштурган жыйында кесиптик-профилдик (мамлекеттик) практиканы мыкты өтөгөн бүтүрүүчү курстун студенттерин сыйлады. Жыйынга университеттин окуу иштери боюнча проректору Замирбек Божонов, педагогикалык практика бөлүмүнүн башчысы Адылбек Батыралиев катышты.

Иш-чарада проректор Замирбек Божонов кесиптик-профилдик практиканы чыгармачылык менен өтөгөн 20 студенттин ар бирине  ОшМУнун ыраазычылык катын тапшырды.

Алар Математика жана информациялык технологиялар факультетинин студенттери Орозова Сайкал, Шамурзаева Луиза, Педагогика жана психология факультетинин студенттери Зулпукарова Зуура, Асилбек кызы Жылдыз, Кожали кызы Мадина, Тарых жана социалдык иштер факультетинин студенти Абдикеримов Жакыпбек, Дене тарбия факультетинин студенттери Абдыкадыр уулу Акматбек, Абдималик кызы Гулноза, Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин студенти Маликова Азиза, Физика-техника факультетинин студенти Фархатова Арууке, Табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинин студенттери Насирдин кызы Жаңылай, Орозбекова Майрам, Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин студенттери Максатбекова Айдай, Жээнбекова Элнура, Искусство факультетинин студенттери Апжапар уулу Бектур, Мамыргазы кызы Мейликан, Орус филологиясы факультетинин студенти Алтынбекова Адэми, Эл аралык билим берүү программалары колледжинин студенти Алижанова Муяссархон, Индустриалдык педагогикалык колледжинин студенттери Асанова Гулиза, Абдикахаров Даниэлдер.

Аталган иш-чара студенттердин педагогикалык кесипке болгон кызыгуусун арттыруу, алардын чыгармачылыктарын өнүктүрүү, стимул берүү максатында уюштурулган.

Фото галерея