6 студентке бизнес идеяларын ишке ашыруу үчүн 2000$ берилет

Башкы Жаңылыктар

6 студентке бизнес идеяларын ишке ашыруу үчүн 2000$ берилет

Image

Жаштар бизнес паркында 270 студенттин ичинен тандалган 31 студент үчүн 5 күндүк бизнес-тренинг өткөрүлдү. Бир жума аралыгында катышуучулар рынокту туура анализдөө, бизнес моделин түзүү жана атаандаштыкка жөндөмдүү продукт жана  кызматты түзүүнү үйрөнүштү. Бизнес тренингдин жүрүшүндө  Ош шаарындагы алдыңкы ишканаларында болуп, иш процесстери менен таанышышты. 
Жыйынтыгында студенттер өздөрүнүн бизнес идеяларынын үстүнөн иштеп, питчинг күнү  өздөрүнүн долбоорлорун калыстарга жана потенциалдуу инвесторлорго сунушташты. Питчингдин жыйынтыгы менен 6 финалист аныкталды. Алар эми 2000 АКШ доллардан грант алуу алдында турат.
1. Камчыбеков Эрлан – Бизнес жана менеджмент факультетинин студенти  
2. Кубатбек кызы Кишимжан – Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин студенти  
3. Замирбек кызы Нуржамал – Искусство факультетинин магистранты  
4. Шабанова Гүлүм -  Табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультет магистранты 
5. Бекенов Бекболсун - Бизнес жана менеджмент факультетинин студенти  
6. Обдунова Аяна- Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин студенти  
Жаштардын ишкердигин өнүктүрүү программасы ОшМУнун Жаштар бизнес паркы тарабынан Ага Хан Фондунун жана USAIDдин колдоосу жана кызматташуусу менен ишке ашырылууда.

Фото галерея