“Универсиада – 2023” башталды

Башкы Жаңылыктар

“Универсиада – 2023” башталды

Image

Бишкек шаарында студенттердин арасында дене тарбия жана спортту өнүктүрүүгө багытталган Кыргыз Республикасынын Универсиадасы башталды. Универсиада 3-апрелден 28-апрелге чейин  спорттун 17 түрү боюнча болот. Тандалган командалар 2023-жылы Бүткүл дүйнөлүк жайкы универсиадага катышат.

 3-5-апрель көндөрү спорттун стол теннис түрү боюнча студент балдар арасында өткөн мелдешке 21 жогорку окуу жайдын командалары катышты. ОшМУнун стол тенниси боюнча курама командасы байгелүү 3-орун ээлешти. Команда III даражадагы диплом жана 10 000 сертификат менен сыйланышты.

Универсиаданын жүрүшү боюнча маалымат берүү улантылат.

Фото галерея