Этнографиялык изилдөөлөрдүн көргөзмөсү өткөрүлдү

Башкы Жаңылыктар

Этнографиялык изилдөөлөрдүн көргөзмөсү өткөрүлдү

Image

ОшМУнун башкы имаратында Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон, Кашка-Суу, Сары-Могол, Жекенди, Жаш-Тилек, Чак, Кара-Тейит, Карамык, Жар-Башы айылдарында  жүргүзүлгөн этнографиялык экспедицияда чогултулган материалдардын көргөзмө коюлду. Көргөзмө илимпоздордун, окутуучулардын, магистранттардын жана студенттердин кеңири чөйрөсүнө арналып, ага студенттерден турган "Этнограф" клубунун мүчөлөрү жигердүү катышышты.

Экспедиция ОшМУнун  ички грантынын негизинде каржыланган "Кыргызстандын түштүк аймактарындагы этнографиялык изилдөөлөр (Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарындагы экспедициялардын негизинде)" аттуу илимий долбоордун алкагында ишке ашкан.

Илимий долбоордун жетекчиси: т.и.д., академик А.А., Асанканов, экспедициянын жетекчиси: этнограф Т.А. Айтбаев жана долбоордун мүчөлөрү Ч.Т., Сатыбалдиева,  М.Ш. Султанова,  С.К. Осмонова,  Г.Э. Чыныкеева.

Фото галерея