Студент Д.Камчыбекова жылдын мыкты спортчусу  

Башкы Жаңылыктар

Студент Д.Камчыбекова жылдын мыкты спортчусу  

Image

2023-жылдын 6-апрель күнү С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү. Анда 2022-жылы ийгилик жараткан мыкты спортчуларга жана машыктыруучуларга Ардак грамота, акчалай сыйлыктар тапшырылды. 
Салтанатттуу иш-чарада ОшМУнун медицина факультетинин студенти Динара Камчыбековага  “Жылдын мыкты спортчусу-2022”  наамы ыйгарылды. Динара Камчыбекова  ОшМУнун Медицина факультетинин 3-курсунун студенти.  Ал буга чейин IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Казак күрөшү боюнча күмүш байге уткан. Азия чемпионатында күрөштүн классикалык түрү  боюнча  катышып, коло медалды жеңип алган. Динара Камчыбекова дзюдо жана алыш күрөш боюнча спорттун чебери.

Фото галерея