Жаш илимпоздор текстти талдоонун санариптик усулдары боюнча маалымат алышты

Башкы Жаңылыктар

Жаш илимпоздор текстти талдоонун санариптик усулдары боюнча маалымат алышты

Борбордук Азиядагы Америка университетинин эркин өнөр жана илимдер факультетинин деканы Данияр Карабаев ОшМУда “Текстти талдоонун санариптик усулдары” деген темада илимий-методикалык семинар өттү.

Семинарга окуу жайдын илимий иштер боюнча проректору Руслан Арапбаев, илимий-изилдөө бөлүмүнүн адистери, гуманитардык багыттагы окуу жайдын факультеттеринин окутуучулары, аспиранттары, магистранттары жана студенттери катышты.

“Жаш илимпоздорго, изилдөөчүлөргө бул санариптик изилдөөлөрдү туура колдонуунун пайдасы көп. Анткени бул биринчиден изилдөөчүнүн убактысын үнөмдөсө, экинчиден так, анык статистикалык маалыматтарды алганга мүмкүнчүлүк түзөт”,-дейт Данияр Карабаев.

 Семинардын алкагында 4 заманбап санариптик усулдар боюнча маалыматтар берилди.

Фото галерея