Республикалык олимпиадада  студенттер башкы байгени алды

Башкы Жаңылыктар

Республикалык олимпиадада  студенттер башкы байгени алды

Image

Бишкек шаарында менеджмент предмети боюнча жогорку окуу жайлар арасында студенттик  III республикалык олимпиадасы өттү. Олимпиаданы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети, Экономика жана бизнес жогорку мектеби, менеджмент кафедрасы уюштурду. 
Олимпиадага катышкан 16 жогорку окуу жайдын  ичинен ОшМУнун бизнес жана менеджмент факультетинин командасы башкы байгеге ээ болду. Командада «Менеджмент», «Бизнести башкаруу», багытынын жана «Финансы жана кредит» профилинин 2-3-4-курсунун студенттери Айсезим Топчубекова, Айжан Абдазова, Толкын Мамаева, Айжаркын Абдыразакова бар.
Аларды Менеджмент жана маркетинг кафедрасынын доценти К. Сакибаев жетектеп барган.

Фото галерея