ОшМУнун самбо боюнча курама командасы байгелүү орунду ээледи

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун самбо боюнча курама командасы байгелүү орунду ээледи

Image

Бишкек шаарында өтүп жаткан Кыргыз Республикасынын Универсиадасында спорттун самбо түрү боюнча студент балдар арасында өткөн мелдеш жыйынтыкталды. Мелдешке 21 жогорку окуу жайдын командалары катышууда. ОшМУнун самбо боюнча курама командасы байгелүү 3-орун ээлешти. Команда III даражадагы диплом жана 10 000 сертификат менен сыйланышты.

 Универсиада 3-апрелден 28-апрелге чейин  спорттун 17 түрү боюнча болот. Тандалган командалар 2023-жылы Бүткүл дүйнөлүк жайкы универсиадага катышат.

Фото галерея