Студенттер философиянын учурдагы актуалдуу маселелерин талкуулады

Башкы Жаңылыктар

Студенттер философиянын учурдагы актуалдуу маселелерин талкуулады

Image

ОшМУнун Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинде илим жумалыгынын алкагында 11-апрелде “Глобалдык чакырыктардын контекстинде философиянын актуалдуу маселелери” аттуу студенттердин эл аралык илимий-практикалык конференциясы болуп өттү.

 Конференция онлайн жана кадимки форматта өтүп, ага  Ош мамлекеттик университетинин, И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын, Челябинск мамлекеттик университетинин Костанай филиалынын (Орусия), Мирзо Улугбек атындагы Өзбекстан улуттук университетинин (Өзбекстан), Нархоз университетинин (Казакстан),
Ереван мамлекеттик университетинин Ижевандагы филиалынын (Армения) окутуучулары, студенттери катышты.

Жалпысынан конференцияда 70тен ашуун баяндамалар жасалды.

Илимий конференциянын алкагында философиянын учурдагы актуалдуу маселелери талкууланып, сунуш, пикирлер ортого салынды. Мындай эл аралык илимий конференциялар илимге кызыккан студенттер ортосунда достук мамилени чыңдап, илимий көз караштардын калыптануусунда салымын кошот дейт уюштуруучулар.   

 

Фото галерея