Университетте мамлекеттик тил мыйзамынын аткарылышы текшерилүүдө 

Башкы Жаңылыктар

Университетте мамлекеттик тил мыйзамынын аткарылышы текшерилүүдө 

Image

ОшМУнун медицина факультетинде мамлекеттик тил мыйзамынын аткарылышы, көрнөк-жарнактар, студенттердин тил билүү деңгээлдери боюнча мониторинг жүргүзүү боюнча атайын комиссиянын  курамы ректордун буйругуна ылайык өз ишин баштады.
Комиссия 20-апрелге чейин ОшМУнун мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору Мастура Шарипованын жетекчилиги астында факультеттеги ар бир структурадагы мамлекеттик тил мыйзамынын  аткарылышын карап чыгышат. 
Ошондой эле, студенттердин, анын ичинде чет өлкөлүк билим алуучулардын кыргыз тилин өздөштүрүү деңгээлдери текшерилет. 
Бул иш аракеттин максаты КРдин Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын саясатын ишке ашыруу.

Фото галерея