ОшМУда универсалдуу 4-1 лапароскоп медициналык жабдыгы менен алгачкы операция жасалды

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда универсалдуу 4-1 лапароскоп медициналык жабдыгы менен алгачкы операция жасалды

Image

ОшМУнун медициналык клиникасында биринчи жолу бейтапка лапароскопиялык холецистэктомия дартына операция жасалды. Бул операцияга лапароскопиялык жабдыктарды жасаган дүйнөлүк алдыңкы компаниялардын бири KARL STORZ (Германия) компаниясынын 2022-жылы чыгарылган универсалдуу 4-1 лапароскоп медициналык аппараты колдонулду.

 “Бул жабдыктын камерасы так, даана көрсөтөт. ОшМУнун медициналык клиникасына алынып келинген универсалдуу 4-1 лапароскоп медициналык жабдыгынын жардамында абдоминалдык хирургия, гинекология, лор, боор жана урология багыттарында да операция жасоого мүмкүнчүлүк жаралды. Бүгүн видеолапароскопиянын жардамында холецистэктомия дартына операция жасадык”, -деди врач-хирург, онколог Жанек Белеков.

Буга чейин ОшМУнун медициналык клиникасында ушул жылдын 26-январында алгачкы жолу ашказандын оор дартына операция жасалган.

Фото галерея