Универсиадада ОшМУнун ордо боюнча курама командасы 1-орунду ээледи

Башкы Жаңылыктар

Универсиадада ОшМУнун ордо боюнча курама командасы 1-орунду ээледи

Image

Бишкек шаарында өтүп жаткан  Кыргыз Республикасынын Универсиадасында ОшМУнун ордо боюнча курама командасы 1-орун ээледи. Команда I даражадагы диплом жана 25 000 сомдук сертификат менен сыйланышты.

“Ордо боюнча мелдеште жалпы 14 команда катышты. Эки тайпада оюндар өтүп, тайпанын ичинде командабыз 1-орун менен чыгышты. Финалдык беттештерде Кыргыз улуттук университетинин командасын 16-43 эсебинде жеңсек, биринчи орун үчүн мелдеште Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын командасын 30-33 эсебинде уттук. Курама командадагы балдар мыкты оюн алып барышты”,-деди команданын тренери Дүйшөн Жолоев.

Универсиада 3-апрелден 28-апрелге чейин  спорттун 17 түрү боюнча өтөт. Тандалган командалар 2023-жылы Бүткүл дүйнөлүк жайкы универсиадага катышат.

Фото галерея