![](https://oshsu.kg/storage/uploads/thumbnail/YrrqHXcEhVQRj8YiOj9FMeqidY6V4mTPT5fNvJ26.jpeg)
“Ош мамлекеттик университетинде факультеттин деканын шайлоо” жөнүндө жобого ылайык ОшМУнун искусство факультетинде 15-апрелде декандык кызмат орунга шайлоо өттү. Декандык шайлоого эки талапкер катышты. Алар доцент Жеңиш Мойдунов жана окутуучу Дамир Ыразаков.
Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында жамааттын көпчүлүк добушун алган доцент Жеңиш Мойдунов 5 жылдык мөөнөт менен декандык кызматка шайланды.
Шайлоону уюштуруу комитетинин төрагасы, ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору Замирбек Божонов декандык кызматка шайланган доцент Жеңиш Мойдуновго ийгилик каалап, аксакалдар ак батасын беришти.