Айыл өкмөт менен окуу жайдын кызматташуусу учурдун талабы

Башкы Жаңылыктар

Айыл өкмөт менен окуу жайдын кызматташуусу учурдун талабы

Image

2023-жылдын 15-апрель күнү индустриалдык-педагогикалык колледжинде “Айыл өкмөт менен окуу жайдын кызматташуусу учурдун талабы” аталышында иш чара болду.

Иш чарага президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эрнис Толтоев жана Өзгөн, Араван, Карасуу жана Ноокат районундагы айыл өкмөт башчылары, колледждин жамааты жана студенттер  катышты.

Келген конокторго студенттер тарабынан жасалган программалар, бизнес пландар сунушталып, көрсөтүлдү.

Жыйындын негизги максаты колледжде даярдалып жаткан “Эсептөө техникасынын автоматташтырылган системаларын программалык камсыздоо”  (ПОВТАС) адистигинин бүтүрүүчүлөрүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы санариптештирүү иштерине тартуу жана жардам берүү.  

Ошондой эле бул иш аракеттин арты менен бүтүрүүчүлөрдү жумуш менен камсыздоо да каралган. 2022-жылы колледждин 3 бүтүрүүчүсү жумушка орношкон.

 

 

 

Фото галерея