ОшМУ: StudEXPO-2023

Башкы Жаңылыктар

ОшМУ: StudEXPO-2023

Image

ОшМУда Математика жана информациялык технологиялар факультетинин графикалык дизайн жана колдонмо математика жана информатика  адистигинин студенттери жасаган эмгектеринин “StudEXPO-2023” жарманкеси өтүп жатат. 
Иш-чара бул жылы экинчи жолу өткөрүлүп, студенттердин эмгектерин баалоо үчүн атайын коңшу өлкөлөрдөн  калыстар тобу чакырылган. Жеңүүчүлөр  смартфон, диплом  жана атайын медалдар менен сыйланат. 
 “StudEXPO-2023” жарманкесин “Колдонмо математика, информатика жана графикалык дизайн” кафедрасы уюштурууда. Жарманкеге Ош шаарындагы, алыскы жана жакынкы аймактардагы мектептерден келген жуздөгөн окуучулар катышууда. Иш чаранын жүрүшүндө окуучулар үчүн түрдүү сынактар өткөрүлүп, белектер берилет.  
Графикалык дизайн, колдонмо математика жана информатика адистиги студенттерге  сайт жасоо, робототехника, программалоонун түрлорү, математика жана информатиканы тереңдетип окутуу, сүрөт, видео монтаждоону, басма иштерин даярдоону,  шрифтер менен иштөөнү, веб-дизайн, моушн-дизайн, анимация, 2D жана 3D графиканы окутуп үйрөтөт.

Фото галерея