Омск мамлекеттик медициналык университети менен кызматташуу жанданат

Башкы Жаңылыктар

Омск мамлекеттик медициналык университети менен кызматташуу жанданат

Image

Омск мамлекеттик медициналык университети менен Ош мамлекеттик университетинин ортосунда эки тараптуу кызматташуу боюнча келишимге кол коюлду. Келишимге окуу жайдын базасында өткөн Омск облусунун Кыргызстандагы бизнес форумунда жетишилди. 
Иш-чарага Омск мамлекеттик медициналык университетинен дипломдон кийинки жана үзгүлтүксүз медициналык билим берүү боюнча проректору А. С. Колчин, ал эми ОшМУдан дистанциондук билим берүү технологиялар менен иштөө боюнча проректору Т.Жумабаева, эл аралык байланыштар департаментинин директору А. О. Абдувалиев катышты.
Келишимде студенттер, ординаторлор окутуучулардын академиялык мобилдүүлүгү, студенттерди практикадан өткөрүү, конок лекцияларын уюштуруу, биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү каралган.
Алдыда ОшМУ Омск мамлекеттик агрардык университети менен кызматташуу келишимине кол коёт.  Учурда ОшМУ Орусиянын 70тен ашуун ЖОЖдору менен кызматташып келет.

Фото галерея