Колледжде "Мыкты окуу методикалык комплекс", "Устат-шакирт" сынагы уюштурулду

Башкы Жаңылыктар

Колледжде "Мыкты окуу методикалык комплекс", "Устат-шакирт" сынагы уюштурулду

Image

Эл аралык билим берүү программалары колледжинин кыргыз тили жана адабияты, манастаануу ПЦКсында "Мыкты окуу методикалык комплекс", "Устат-шакирт" сынагы болуп өттү. Сынакка жаш окутуучуларды тажрыйбалуу окутуучулар үч ай аралыгында даярдап, аларга  усулдук жактан жардам берип, 19-бюллетендин негизинде окуу-усулдук колдонмо иштеп чыгышкан. Негизинен, катышкан жаш окутуучулар НББП, стандарт, жумушчу программа, силлабус сыяктуу маселелерди үйрөнүп, мыкты окуу-усулдук колдонмо түзүшкөн.

Иш-чаранын жүрүшүн жана катышуучуларды баалоо үчүн калыстар тобуна Сапат департаментинен адистер жана колледждин окутуучулары кирди. Бир нече баскычтан турган иш-чарада ОМК түзүү, кырдаалдык тапшырмалар каралды. Жыйынтыгында жеңүүчүлөр аныкталып, диплом жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Жыйынтыгында баш байгени Бүсадат Алпаизова, Коңурбай кызы Канымгүл, 1-орунду Зарина Абдышова, Кенжегүл Темиркулова, Гүлмира Иманалиева, 2-орунду Базаргүл Апышова, Айбарчын Кулушева, Гүлзат Мадалиева, 3-орунду Таалайкан Исакова, Ырысгүл Орозбекова, Элнура Кудайбердиевалар ээлешти.

 «Сыноодо негизинен 3 тапшырма берилип, окутуучулар өздөрүнүн билимин презентация кылып, суроолорго жооп берип, тапшырмаларга ылайык баалоонун критерийин түзүштү. Окутуучулар ОшМУнун дипломдору жана акчалай сыйлыктары менен сыйланышты. Жалпы сыйлык фондубуз  13500 сомду түздү. Сынакта калыстар тобунун төрайымы Билим берүүнүн сапаты бөлүмүнүн сапат менеджменти секторунун башчысы Махабат Былыкова баштаган калыстар баа беришти», - деди предметтик циклдык комиссиянын төрайымы Бактыгул Байтикова.

 

 

 

Фото галерея