ОшМУнун базасында тынчтыкты куруу жана толеранттуулук темасындагы семинар-тренинг башталды

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун базасында тынчтыкты куруу жана толеранттуулук темасындагы семинар-тренинг башталды

Image

ОшМУнун индустриалдык-педагогикалык колледжинде "Улуу Жибек жолунда-тынчтыкка жана достукка жол" аталышындагы семинар-тренинги болуп жатат.

Семинарга ОшМУнун окутуучулары, магистранттары, аспиранттары, студенттери жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын мектеп мугалимдери катышып жатат. Семинардын алкагында катышуучулар "Улуу Жибек жолунда-тынчтыкка жана достукка жол" аталышындагы окуу куралы, андагы тынчтыкты куруу жана толеранттуулук боюнча  класстык сааттар менен таанышууда. Катышуучулар тренингден алган маалыматтарды өздөрүнүн сабактарында колдонуп, тынчтыкта, толеранттуулукта жашаганга керектүү болгон көндүмдөрдү окуучуларда калыптандыруу үчүн тажрыйба алышат.

“Тренинг  19-20-апрель күндөрү эки күнгө уланып, жыйынтыгында мугалимдер алган билимдерин өзүнүн предметтик сабактарында, класстык сааттарында кандай интеграциялайт ошол боюнча көрсөтмөлүү сабактарды даярдашат. Анын негизинде сынак болуп, жеңүүчүлөр аныкталат”,-деди ОшМУ боюнча долбоордун координатору Мейликан Алтыбаева.

Семинар-тренинг Европа Биримдиги тарабынан каржыланган “Чек арадагы көп тараптуу диалог Борбор Азиядагы толеранттуулуктун жана тынчтыктын кызыкчылыктары” аттуу консорциум тарабынан ишке ашырылууда.

 

Фото галерея