«Чалбасы кыргыздары. Эсимде » даректүү тасмасы ОшМУда көрсөтүлдү

Башкы Жаңылыктар

«Чалбасы кыргыздары. Эсимде » даректүү тасмасы ОшМУда көрсөтүлдү

Image

«Эсимде» изилдөө долбоорунун жетекчиси Элмира Ногойбаева,  “Чалбасы кыргыздары. Эсимде” даректүү тасмасынын жаратуучуларынын бири Гүлзат Алагөз ОшМУга келип, ректор Кудайберди Кожобеков менен жолукту.
Тараптар сүйлөшүүдө алдыда тарыхый изилдөөлөрдө биргелешип кызматташуу маселелерин талкуулашты.  Ошондой эле окуу жайда “Чалбасы кыргыздары. Эсимде” даректүү тасмасынын бет ачары болду.  
“Чалбасы кыргыздары. Эсимде” даректүү тасмасы  «Эсимде» изилдөө аянтчасы долбоорунун  алкагында тартылган. Анда 1929-жылдардан кийин Кыргызстандын аймагынан Украинанын Херсон облусуна сүргүнгө айдалган үй-бүлө тагдырлары жана ал доордогу саясий процесстер чагылдырган.
Тасманы тартууда оор жылдарга күбө болгондордон жаздырылып калган эскерүүлөр, сүргүнгө айдалгандардын небере-чөбөрөлөрүнүн эскерүүлөрү, катып жүргөн сүрөттөрү, архивдик материалдар пайдаланылган.
“Чалбасы кыргыздары. Эсимде” аталышындагы 48 мүнөттүк даректүү тасмада 1930-жылдары сүргүндө жашаган кыргыздар тууралуу баяндалат.

Фото галерея