ОшМунун акыйкатчы аппаратынын түзүлгөнүнө 15 жыл

Башкы Жаңылыктар

ОшМунун акыйкатчы аппаратынын түзүлгөнүнө 15 жыл

Image

ОшМУнун студенттик акыйкатчы аппаратынын 15 жылдык мааракесинин алкагында "ЖОЖдордогу студенттик акыйкатчы уюмдарынын орду" аталышында конференция болду. Ага түштүк регионундорунун ЖОЖдорунун акыйкатчылары , ОшМУнун мурунку акыйкатчылары жана  Бишкектеги  И. Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университетинен  атайын делегация келди.

Конференцияга ректор К.Кожобеков катышып, студенттик акыйкатчы аппаратынын мүчөлөрүн куттуктады. Ал эми президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эрнис Толтоев куттуктап, сыйлыктарын тапшырды.

Иш-чаранын алкагында жогорку окуу жайлардан келген командалар үчүн  брэйн - ринг, дебат - дискуссия сынактары уюштурулду. Жеңүүчүлөргө  ОшМУнун студенттик акыйкатчы аппаратынын 15 жылдыгына арналган кубок, ардак грамота, ыраазычылык баракчалар тапшырылды. Ошондой эле коноктор ОшМУнун студенттик акыйкатчы аппаратынын ишмердүүлүгү менен тажрыйба алмашышты.

 

Фото галерея