Е-BILIM FEST фестивалынын 1-бөлүгү жыйынтыкталды

Башкы Жаңылыктар

Е-BILIM FEST фестивалынын 1-бөлүгү жыйынтыкталды

Image

ОшМУда өтүп жаткан "Санариптештирүү аркылуу айылдык жамааттар үчүн ачык - айкын келечекти куруу" долбоорунун алкагында өтүп жаткан Е-BILIM FEST фестивалынын 1-бөлүгү жыйынтыкталды.

Окуу жайдын башкы имаратынын сыртында орун алган  бөлүктө санариптештирүү багытында ишке ашып жаткан алдыңкы тажрыйбалар презентацияланды.

Алгач ОшМУнун математиканы окутуунун технологиясы, информатика жана билим берүүнүн менеджменти кафедрасынын башчысы Аида Келдибекова,   К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин студенти Мырзайым Турдукеева, Баткен облусундагы мектеп-гимназия-интернаттын 10-классынын окуучусу Алиенора Курбанбекова, кыргыз тили мугалими, IT мектептин негиздөөчүсү Турат Алыбаев, англис тили мугалими «IT педагог года» аттуу Борбордук-Азияда өткөн сынактын финалисти Мирлан Уржанов,  Европада жашаган Кыргызстандыктардын "Чөйрө" санарип платформасынын негиздөөчүсү Азамат Токтакунов, Ысык-Көлдөн келген 11 жаштагы Дарина Усеновалар санариптештирүү багытында алгылыктуу тажрыйбалары менен бөлүшүштү.

Иш-чаранын алкагында ОшМУнун IT Академиясынын жетекчиси Айтибек Абдирасулов “ОшМУнун корпоративдик автоматташтырылган башкаруусу” боюнча жасалган иштер жана алардын иштөө тартиптери боюнча маалымат берди. Андан соң ОшМУда уюштурулган “StudEXPO-2023” сынагынын жеңүүчүлөрү ОшМУнун студенти  Амантур Аламанов “Смарт барьер» “Тоскоолдуктарды автоматташтыруу жана жүздү таануу”, ОшМУнун студенти Мирлан уулу Калыбек “Өзгөчө кырдаалдар министрлиги үчүн робот-детекторду иштеп чыгуу”, ОшМУнун студенти Кымбатбек уулу Низами “Акылдуу күнөскана” тууралуу презентация жасашты.

Иш-чаранын модератору теле алып баруучу Эркин Рыскулбеков көрүүчүлөргө суроолорду берип, мыкты жооп узаткандарга уюштуруучулар тарабынан даярдалган белектерди тапшырды.

Фестивалдын 2-бөлүгүндө  6 багыт боюнча мастер-класстар өткөрүлүп жатат.