Универсиадада ОшМУнун волейболчулары чемпион болду

Башкы Жаңылыктар

Универсиадада ОшМУнун волейболчулары чемпион болду

Image

Бишкек шаарында өткөн республикалык универсиадада волейбол боюнча мелдеште ОшМУнун эркектер командасы ишенимдүү түрдө биринчи орунду багындырышты.
Команданын машыктыруучусу Алмаз Атабаевдин жетекчилиги астында волейболчуларыбыз тайпалык деңгээлде да, финалда да бардык оюндарда ишенимдүү артыкчылык менен жеңишке жетишти.

Универсиадада волейбол боюнча мелдешке жалпысынан 27 студенттик команда катышты.

Универсиада 3-апрелден 20-апрелге чейин Бишкек шаарында спорттун 17 түрү боюнча өттү. Мыкты командалар 2023-жылы өтүүчү Дүйнөлүк Универсиадага катышуу үчүн тандалып алынат.

Волейбол боюнча эркектер курама командасынын мүчөлөрүнүн тизмеси:

1. Каныбек уулу Бексултан   Дене тарбия факультетинин студенти

2. Абдисатар уулу Таразбек  Дене тарбия факультетинин студенти

3. Акматали уулу Эржигит  Дене тарбия факультетинин студенти

4. Жаркынбаев Арген  Дене тарбия факультетинин студенти

5. Нурланбек уулу Бекзат Юридика факультетинин студенти

6. Кубанычбек уулу Марсел Юридика факультетинин студенти

7. Калбаев Амантур Дене тарбия факультетинин студенти

8. Данияр уулу Бекназар Юридика факультетинин студенти

9. Кубанычбек уулу Курманбек Дене тарбия факультетинин студенти

10. Акбаралиев Алимбек  Дене тарбия факультетинин студенти

11. Кожомберди уулу Нурбек  Дене тарбия факультетинин студенти

12. Жаңыбаев Адилет Дене тарбия факультетинин студенти

 

 

Фото галерея